Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #84 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ وَيْلَكُمْ ثَوَابُ اللَّهِ خَيْرٌ لِمَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا وَلَا يُلَقَّاهَا إِلَّا الصَّابِرُونَ
Ал эми, илимдүү адамдар болсо: «Азап болсун силерге, ыйман келтирип, салих амал кылгандар үчүн Аллаһтын (акыреттик) сообу жакшы го! Аллаһтын сообуна сабыр кылгандар гана жетет!» (дешти)
فَخَسَفْنَا بِهِ وَبِدَارِهِ الْأَرْضَ فَمَا كَانَ لَهُ مِنْ فِئَةٍ يَنْصُرُونَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُنْتَصِرِينَ
Анан Биз аны (Каарунды) коргону менен кошуп жерге жуткуруп жибердик! Ага Аллаһтан (коргоп) жардам берүүчү жамаат болбоду! Жана анын өзү да (азапты) жеңүүчүлөрдөн болгон жок
وَأَصْبَحَ الَّذِينَ تَمَنَّوْا مَكَانَهُ بِالْأَمْسِ يَقُولُونَ وَيْكَأَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ ۖ لَوْلَا أَنْ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْنَا لَخَسَفَ بِنَا ۖ وَيْكَأَنَّهُ لَا يُفْلِحُ الْكَافِرُونَ
Кечээ гана анын (коомдогу) ордуна тамшанган адамдар: «О-о-о! Аллаһ пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына гана ырыскыны кенен жана ченеп берет турбайбы?! Эгер Аллаһ бизге жакшылык кылбаганда (кечээки сөзүбүз үчүн) бизди деле жерге жуткуруп жибермек! Ой, тобо-о! Каапырлар (Аллаһтын азабынан) кутулбайт турбайбы?!»-деп калышты
تِلْكَ الدَّارُ الْآخِرَةُ نَجْعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّا فِي الْأَرْضِ وَلَا فَسَادًا ۚ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ
Биз тиги жактагы Акырет коргонун жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (момун) адамдар үчүн (насип) кылабыз. Акыбет такыба кишилер үчүн
مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ خَيْرٌ مِنْهَا ۖ وَمَنْ جَاءَ بِالسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَى الَّذِينَ عَمِلُوا السَّيِّئَاتِ إِلَّا مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ким (Акыретке) сооп-жакшылык алып келсе, ага (өзү алып келген) жакшылыгынан жакшыраак сыйлыктар берилет. Ал эми, кимде-ким жамандык (күнөө) алып келсе, жамандык жасагандар өз кылмыштарына гана жараша жаза алышат

Choose other languages: