Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #70 Translated in Kyrgyz

فَعَمِيَتْ عَلَيْهِمُ الْأَنْبَاءُ يَوْمَئِذٍ فَهُمْ لَا يَتَسَاءَلُونَ
Ал Күнү (коркуунун күчтүүлүгүнөн) аларга кабарлар билинбей калат жана бири-биринен да сурай алышпайт
فَأَمَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَعَسَىٰ أَنْ يَكُونَ مِنَ الْمُفْلِحِينَ
Ал эми тооба кылып, салих амал жасаган (момун) кишилер (тозоктон) кутулуучулардан болушса ажеп эмес
وَرَبُّكَ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَيَخْتَارُ ۗ مَا كَانَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсесин жаратат жана ыктыяр кылат. Алар (пенделер) үчүн ыктыяр жок.! Аллаһ алардын ширктеринен Аруу-Таза
وَرَبُّكَ يَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ
Жана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат
وَهُوَ اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ لَهُ الْحَمْدُ فِي الْأُولَىٰ وَالْآخِرَةِ ۖ وَلَهُ الْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ал— Аллаһ! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар

Choose other languages: