Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #71 Translated in Kyrgyz

فَأَمَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَعَسَىٰ أَنْ يَكُونَ مِنَ الْمُفْلِحِينَ
Ал эми тооба кылып, салих амал жасаган (момун) кишилер (тозоктон) кутулуучулардан болушса ажеп эмес
وَرَبُّكَ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَيَخْتَارُ ۗ مَا كَانَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсесин жаратат жана ыктыяр кылат. Алар (пенделер) үчүн ыктыяр жок.! Аллаһ алардын ширктеринен Аруу-Таза
وَرَبُّكَ يَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ
Жана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат
وَهُوَ اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ لَهُ الْحَمْدُ فِي الْأُولَىٰ وَالْآخِرَةِ ۖ وَلَهُ الْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ал— Аллаһ! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ اللَّيْلَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِضِيَاءٍ ۖ أَفَلَا تَسْمَعُونَ
Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллаһ силердин үстүңөрдө түндү Кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллаһтан башка кайсы «кудайыңар» силерге нур келтире алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»

Choose other languages: