Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #69 Translated in Kyrgyz

وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ مَاذَا أَجَبْتُمُ الْمُرْسَلِينَ
Ошол Күнү (Аллаһ) аларга: «Пайгамбарларга эмне деп жооп берген элеңер?!» - дейт
فَعَمِيَتْ عَلَيْهِمُ الْأَنْبَاءُ يَوْمَئِذٍ فَهُمْ لَا يَتَسَاءَلُونَ
Ал Күнү (коркуунун күчтүүлүгүнөн) аларга кабарлар билинбей калат жана бири-биринен да сурай алышпайт
فَأَمَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَعَسَىٰ أَنْ يَكُونَ مِنَ الْمُفْلِحِينَ
Ал эми тооба кылып, салих амал жасаган (момун) кишилер (тозоктон) кутулуучулардан болушса ажеп эмес
وَرَبُّكَ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَيَخْتَارُ ۗ مَا كَانَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсесин жаратат жана ыктыяр кылат. Алар (пенделер) үчүн ыктыяр жок.! Аллаһ алардын ширктеринен Аруу-Таза
وَرَبُّكَ يَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ
Жана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат

Choose other languages: