Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #41 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ مُوسَىٰ رَبِّي أَعْلَمُ بِمَنْ جَاءَ بِالْهُدَىٰ مِنْ عِنْدِهِ وَمَنْ تَكُونُ لَهُ عَاقِبَةُ الدَّارِ ۖ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ
(Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким Туура Жол алып келгенин жана Акыбет (Бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) заалымдар эч качан жеңишке (Бейишке) жетпейт!»
وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ مَا عَلِمْتُ لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرِي فَأَوْقِدْ لِي يَا هَامَانُ عَلَى الطِّينِ فَاجْعَلْ لِي صَرْحًا لَعَلِّي أَطَّلِعُ إِلَىٰ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُ مِنَ الْكَاذِبِينَ
Фираун айтты: «О, адамдар! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин. Эй, Хааман! Ылайга оттон жагып (бышык кыш жасап) мага (бийик) мунара куруп бергиниң. Ошого чыгып Мусанын (асмандагы) Кудайын көрсөм ажеп эмес! Мен Мусаны жалганчылардан деп эсептеймин»
وَاسْتَكْبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَظَنُّوا أَنَّهُمْ إِلَيْنَا لَا يُرْجَعُونَ
Фираун менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту
فَأَخَذْنَاهُ وَجُنُودَهُ فَنَبَذْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ
Анан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Заалымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал
وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ لَا يُنْصَرُونَ
Биз аларды (Кыяматта, күнөөлүүлөрдү) тозокко чакыра турган имамдар (биринчи болуп кире тургандар) кылдык.! Жана алар Кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт

Choose other languages: