Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #43 Translated in Kyrgyz

وَاسْتَكْبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَظَنُّوا أَنَّهُمْ إِلَيْنَا لَا يُرْجَعُونَ
Фираун менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту
فَأَخَذْنَاهُ وَجُنُودَهُ فَنَبَذْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ
Анан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Заалымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал
وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ لَا يُنْصَرُونَ
Биз аларды (Кыяматта, күнөөлүүлөрдү) тозокко чакыра турган имамдар (биринчи болуп кире тургандар) кылдык.! Жана алар Кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт
وَأَتْبَعْنَاهُمْ فِي هَٰذِهِ الدُّنْيَا لَعْنَةً ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ هُمْ مِنَ الْمَقْبُوحِينَ
Биз аларга ушул дүйнөдө наалат-каргыш ээрчитип койдук. Кыямат күндө да алар жийиркеничтүү адамдардан болот
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ مِنْ بَعْدِ مَا أَهْلَكْنَا الْقُرُونَ الْأُولَىٰ بَصَائِرَ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةً لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн Ырайым, Туура Жол жана Нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.! Кана эми, (адамдар) ибарат-сабак алышса

Choose other languages: