Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ لَا يُنْصَرُونَ
Биз аларды (Кыяматта, күнөөлүүлөрдү) тозокко чакыра турган имамдар (биринчи болуп кире тургандар) кылдык.! Жана алар Кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт
وَأَتْبَعْنَاهُمْ فِي هَٰذِهِ الدُّنْيَا لَعْنَةً ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ هُمْ مِنَ الْمَقْبُوحِينَ
Биз аларга ушул дүйнөдө наалат-каргыш ээрчитип койдук. Кыямат күндө да алар жийиркеничтүү адамдардан болот
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ مِنْ بَعْدِ مَا أَهْلَكْنَا الْقُرُونَ الْأُولَىٰ بَصَائِرَ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةً لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн Ырайым, Туура Жол жана Нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.! Кана эми, (адамдар) ибарат-сабак алышса
وَمَا كُنْتَ بِجَانِبِ الْغَرْبِيِّ إِذْ قَضَيْنَا إِلَىٰ مُوسَى الْأَمْرَ وَمَا كُنْتَ مِنَ الشَّاهِدِينَ
(О, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.°
وَلَٰكِنَّا أَنْشَأْنَا قُرُونًا فَتَطَاوَلَ عَلَيْهِمُ الْعُمُرُ ۚ وَمَا كُنْتَ ثَاوِيًا فِي أَهْلِ مَدْيَنَ تَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا وَلَٰكِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ
Бирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп өмүр сүрүштү. Сен (о, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)

Choose other languages: