Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #47 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ مِنْ بَعْدِ مَا أَهْلَكْنَا الْقُرُونَ الْأُولَىٰ بَصَائِرَ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةً لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн Ырайым, Туура Жол жана Нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.! Кана эми, (адамдар) ибарат-сабак алышса
وَمَا كُنْتَ بِجَانِبِ الْغَرْبِيِّ إِذْ قَضَيْنَا إِلَىٰ مُوسَى الْأَمْرَ وَمَا كُنْتَ مِنَ الشَّاهِدِينَ
(О, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.°
وَلَٰكِنَّا أَنْشَأْنَا قُرُونًا فَتَطَاوَلَ عَلَيْهِمُ الْعُمُرُ ۚ وَمَا كُنْتَ ثَاوِيًا فِي أَهْلِ مَدْيَنَ تَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا وَلَٰكِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ
Бирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп өмүр сүрүштү. Сен (о, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)
وَمَا كُنْتَ بِجَانِبِ الطُّورِ إِذْ نَادَيْنَا وَلَٰكِنْ رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ لِتُنْذِرَ قَوْمًا مَا أَتَاهُمْ مِنْ نَذِيرٍ مِنْ قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Жана Биз (Мусага) сүйлөгөнүбүздө сен Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок, сенден мурун (алыс жылдар бою) аларга эскертүүчү-пайгамбар келбей калган коомго (Курайш арабдарына) эскертүү беришиң үчүн, Раббиң тарабынан ырайым-боорукерлик иретинде (сага ошол окуялар билдирилди). Кана эми, алар эскеришсе
وَلَوْلَا أَنْ تُصِيبَهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ فَيَقُولُوا رَبَّنَا لَوْلَا أَرْسَلْتَ إِلَيْنَا رَسُولًا فَنَتَّبِعَ آيَاتِكَ وَنَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Өз колдору менен жасаган кылмыштары себептүү аларга бир кайгы жеткенде «О, Рабби! Эгерде бизге бир элчи -пайгамбар жибергениңде, аяттарыңа ээрчимекпиз жана момундардан болмокпуз» дешпесе болгону

Choose other languages: