Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumtahana Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِيهِمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
Аларда силер — Аллаһтан жана Акырет Күндөн үмүт кылгандар үчүн эң сонун үлгүлөр бар. Ким (үлгү алуудан) жүз бурса, (билип койгула:) Аллаһ Беймуктаж, Даңазалуу Зат! (Жогорку аяттарда мушриктер менен кандай позицияда болуу керектиги үйрөтүлдү. Бирок, качан алардын ашынган душмандыгы ашкере болмоюнча, алардын ыйманга келишинен үмүт үзбөгөн абзел. Себеби)
عَسَى اللَّهُ أَنْ يَجْعَلَ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَ الَّذِينَ عَادَيْتُمْ مِنْهُمْ مَوَدَّةً ۚ وَاللَّهُ قَدِيرٌ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Аллаһ алардын (Макка мушриктеринин) ичиндеги силер душмандашкан адамдар менен араңарда достук жаратып койсо ажеп эмес. Аллаһ (буга) Кудуреттүү! Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү
لَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ أَنْ تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ
Силер менен дин себептүү согушпаган жана силерди мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык жана адилет кылуудан Аллаһ силерди кайтарбайт. Аллаһ адилеттүүлөрдү сүйөт
إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَىٰ إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Силерге каршы дин себептүү согушуп, мекениңерден чыгарган жана чыгарууга жардам берген адамдарды дос тутуудан Аллаһ силерди кайтарат. Ким аларды дос туткан болсо, алар анык заалымдар
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا جَاءَكُمُ الْمُؤْمِنَاتُ مُهَاجِرَاتٍ فَامْتَحِنُوهُنَّ ۖ اللَّهُ أَعْلَمُ بِإِيمَانِهِنَّ ۖ فَإِنْ عَلِمْتُمُوهُنَّ مُؤْمِنَاتٍ فَلَا تَرْجِعُوهُنَّ إِلَى الْكُفَّارِ ۖ لَا هُنَّ حِلٌّ لَهُمْ وَلَا هُمْ يَحِلُّونَ لَهُنَّ ۖ وَآتُوهُمْ مَا أَنْفَقُوا ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ أَنْ تَنْكِحُوهُنَّ إِذَا آتَيْتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ ۚ وَلَا تُمْسِكُوا بِعِصَمِ الْكَوَافِرِ وَاسْأَلُوا مَا أَنْفَقْتُمْ وَلْيَسْأَلُوا مَا أَنْفَقُوا ۚ ذَٰلِكُمْ حُكْمُ اللَّهِ ۖ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ ۚ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Эгер силерге ыймандуу аялдар хижрат кылып келсе, аларды сынагыла. Аллаһ алардын ыйманын эң жакшы билет. Эгер алардын ыймандуу экенин аныктасаңар, каапырларга кайтарып жибербегиле. (Себеби,) алар мушриктерге адал эмес, мушриктер аларга адал эмес.! Жана (эгер үйлөнсөңөр) аларга (мушрик күйөөлөрү) берген өлчөмдөгү махырды бергиле. Качан (ушул) махырды төлөсөңөр, аларга үйлөнүүдө силерге күнөө жок. Жана каапыр болуп (Мединадан Маккага кетип) калган аялдардын билегинен да кармабагыла?! Кийин алардан берген махырыңарды сурап алгыла, алар (силер үйлөнгөн мухажир аялдардын Маккада калган мушрик күйөөлөрү) дагы (ал аялдарга) берген махырын силерден сурап алышсын. Аллаһтын өкүмү — ушул. Ал силердин араңарда өкүм кылат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

Choose other languages: