Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumtahana Ayahs #9 Translated in Kyrgyz

رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا فِتْنَةً لِلَّذِينَ كَفَرُوا وَاغْفِرْ لَنَا رَبَّنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
О, Раббибиз! Бизди каапырларга фитна (көз каранды) кылбагай элең! жана күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! О, Раббибиз! Аныгында Сен Кудуреттүү, Даанышмансың
لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِيهِمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
Аларда силер — Аллаһтан жана Акырет Күндөн үмүт кылгандар үчүн эң сонун үлгүлөр бар. Ким (үлгү алуудан) жүз бурса, (билип койгула:) Аллаһ Беймуктаж, Даңазалуу Зат! (Жогорку аяттарда мушриктер менен кандай позицияда болуу керектиги үйрөтүлдү. Бирок, качан алардын ашынган душмандыгы ашкере болмоюнча, алардын ыйманга келишинен үмүт үзбөгөн абзел. Себеби)
عَسَى اللَّهُ أَنْ يَجْعَلَ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَ الَّذِينَ عَادَيْتُمْ مِنْهُمْ مَوَدَّةً ۚ وَاللَّهُ قَدِيرٌ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Аллаһ алардын (Макка мушриктеринин) ичиндеги силер душмандашкан адамдар менен араңарда достук жаратып койсо ажеп эмес. Аллаһ (буга) Кудуреттүү! Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү
لَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ أَنْ تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ
Силер менен дин себептүү согушпаган жана силерди мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык жана адилет кылуудан Аллаһ силерди кайтарбайт. Аллаһ адилеттүүлөрдү сүйөт
إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَىٰ إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Силерге каршы дин себептүү согушуп, мекениңерден чыгарган жана чыгарууга жардам берген адамдарды дос тутуудан Аллаһ силерди кайтарат. Ким аларды дос туткан болсо, алар анык заалымдар

Choose other languages: