Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumtahana Ayahs #6 Translated in Kyrgyz

إِنْ يَثْقَفُوكُمْ يَكُونُوا لَكُمْ أَعْدَاءً وَيَبْسُطُوا إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ وَأَلْسِنَتَهُمْ بِالسُّوءِ وَوَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ
Алар“ эгерде силерди(н зыяныңарга бир мүмкүнчүлүк) таап калса эле, ошол замат душман болуп, колдору менен тилдерин силерге жамандык менен агытышат жана каапыр болушуңарды самап турушат
لَنْ تَنْفَعَكُمْ أَرْحَامُكُمْ وَلَا أَوْلَادُكُمْ ۚ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يَفْصِلُ بَيْنَكُمْ ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Тууган-уругуңар менен бала-чакаңар Кыяматта силерге пайда жеткире албайт!, (Аллаһ) араңарды бөлүп койот. Аллаһ эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү
قَدْ كَانَتْ لَكُمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ فِي إِبْرَاهِيمَ وَالَّذِينَ مَعَهُ إِذْ قَالُوا لِقَوْمِهِمْ إِنَّا بُرَآءُ مِنْكُمْ وَمِمَّا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ كَفَرْنَا بِكُمْ وَبَدَا بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةُ وَالْبَغْضَاءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤْمِنُوا بِاللَّهِ وَحْدَهُ إِلَّا قَوْلَ إِبْرَاهِيمَ لِأَبِيهِ لَأَسْتَغْفِرَنَّ لَكَ وَمَا أَمْلِكُ لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ ۖ رَبَّنَا عَلَيْكَ تَوَكَّلْنَا وَإِلَيْكَ أَنَبْنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ
Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллаһтан башка кудайларга тиешебиз жок. биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллаһка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан. Бирок, Ибрахимдин атасына карата: «Мен сизге (Аллаһтан) кечирим сурай-мын. Сизге Аллаһ тарабынан (келе турган азаптан) эч нерсени кайтарууга кудуретим жетпейт»-деген сөзүн (өрнөк кылбагыла)”. О, Раббибиз! Биз Сага тобокел кылдык, Өзүңө кайттык жана кайтып баруу — Өзүңө гана
رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا فِتْنَةً لِلَّذِينَ كَفَرُوا وَاغْفِرْ لَنَا رَبَّنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
О, Раббибиз! Бизди каапырларга фитна (көз каранды) кылбагай элең! жана күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! О, Раббибиз! Аныгында Сен Кудуреттүү, Даанышмансың
لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِيهِمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
Аларда силер — Аллаһтан жана Акырет Күндөн үмүт кылгандар үчүн эң сонун үлгүлөр бар. Ким (үлгү алуудан) жүз бурса, (билип койгула:) Аллаһ Беймуктаж, Даңазалуу Зат! (Жогорку аяттарда мушриктер менен кандай позицияда болуу керектиги үйрөтүлдү. Бирок, качан алардын ашынган душмандыгы ашкере болмоюнча, алардын ыйманга келишинен үмүт үзбөгөн абзел. Себеби)

Choose other languages: