Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mujadala Ayahs #20 Translated in Kyrgyz

اتَّخَذُوا أَيْمَانَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَلَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ
Анттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллаһтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар
لَنْ تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۚ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
(Жыйнаган) мал-дүйнөсү менен перзенттери аны Аллаһ тарабынан (азап болуп келген) эч нерседен тосо албайт! Алар — тозок ээлери! Алар анда түбөлүк калышат
يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ اللَّهُ جَمِيعًا فَيَحْلِفُونَ لَهُ كَمَا يَحْلِفُونَ لَكُمْ ۖ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ عَلَىٰ شَيْءٍ ۚ أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ الْكَاذِبُونَ
Аллаһ алардын бардыгын кайра тирилткен күнү, силерге ант ичкен сыяктуу Ага да ант иче башташат жана бул аларга пайда берет деп ойлошот. Уккула! Алар — чектен чыккан жалганчылар
اسْتَحْوَذَ عَلَيْهِمُ الشَّيْطَانُ فَأَنْسَاهُمْ ذِكْرَ اللَّهِ ۚ أُولَٰئِكَ حِزْبُ الشَّيْطَانِ ۚ أَلَا إِنَّ حِزْبَ الشَّيْطَانِ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Аларды шайтан бийлеп алып, Аллаһты эстөөнү унуттурган. Алар — шайтандын жамааты! Уккула, шайтандын жамааты (эки дүйнөдө тең) зыян тартуучулар
إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُولَٰئِكَ فِي الْأَذَلِّينَ
Аллаһка жана пайгамбарына душмандык жасагандар кор болгондордун сабында

Choose other languages: