Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mujadala Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

اسْتَحْوَذَ عَلَيْهِمُ الشَّيْطَانُ فَأَنْسَاهُمْ ذِكْرَ اللَّهِ ۚ أُولَٰئِكَ حِزْبُ الشَّيْطَانِ ۚ أَلَا إِنَّ حِزْبَ الشَّيْطَانِ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Аларды шайтан бийлеп алып, Аллаһты эстөөнү унуттурган. Алар — шайтандын жамааты! Уккула, шайтандын жамааты (эки дүйнөдө тең) зыян тартуучулар
إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُولَٰئِكَ فِي الْأَذَلِّينَ
Аллаһка жана пайгамбарына душмандык жасагандар кор болгондордун сабында
كَتَبَ اللَّهُ لَأَغْلِبَنَّ أَنَا وَرُسُلِي ۚ إِنَّ اللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ
Аллаһ (Өзүнүн тагдыр китебинде) «Мен жана Менин пайгамбарларым — жеңүүчүлөрбүз» деп жазып койгон. Аллаһ баарынан Күчтүү, баарынан Кудуреттүү
لَا تَجِدُ قَوْمًا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ يُوَادُّونَ مَنْ حَادَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلَوْ كَانُوا آبَاءَهُمْ أَوْ أَبْنَاءَهُمْ أَوْ إِخْوَانَهُمْ أَوْ عَشِيرَتَهُمْ ۚ أُولَٰئِكَ كَتَبَ فِي قُلُوبِهِمُ الْإِيمَانَ وَأَيَّدَهُمْ بِرُوحٍ مِنْهُ ۖ وَيُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ ۚ أُولَٰئِكَ حِزْبُ اللَّهِ ۚ أَلَا إِنَّ حِزْبَ اللَّهِ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
(О, Мухаммад!) Сен Аллаһка жана Акырет күнүнө бекем ыйман келтирген адамдарды (эч качан) Аллаһтын жана Анын пайгамбарынын душмандарын дос тутканын көрбөйсүң, эгер ал(душманд)ар алардын аталары, перзенттери, ага-инилери жана тууган-туушкандары болсо да! Дал ушулар Аллаһ алардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Аларды (Кыяматта) түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет. Аллаһ алардан ыраазы болду, алар дагы Аллаһтан ыраазы болушту! Мына ушулар — Аллаһтын жамааты! Уккула: Аллаһтын жамааты гана жеңишке жетет

Choose other languages: