Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #86 Translated in Kyrgyz

لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا ۖ وَلَتَجِدَنَّ أَقْرَبَهُمْ مَوَدَّةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ قَالُوا إِنَّا نَصَارَىٰ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّ مِنْهُمْ قِسِّيسِينَ وَرُهْبَانًا وَأَنَّهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ
(О, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардын эң катуу душман болгону - яхудийлер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендерди болсо, момундар үчүн жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудийлер сыяктуу орой болбогон) дин аалымдары жана кечилдери бар. Жана алар текеберленишпейт
وَإِذَا سَمِعُوا مَا أُنْزِلَ إِلَى الرَّسُولِ تَرَىٰ أَعْيُنَهُمْ تَفِيضُ مِنَ الدَّمْعِ مِمَّا عَرَفُوا مِنَ الْحَقِّ ۖ يَقُولُونَ رَبَّنَا آمَنَّا فَاكْتُبْنَا مَعَ الشَّاهِدِينَ
Алар пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Кураанды) уккан кезде, өздөрүнө тааныш болгон акыйкат(ты угушканы) себептүү, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. (Анан алар): “О, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллаһтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой
وَمَا لَنَا لَا نُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَمَا جَاءَنَا مِنَ الْحَقِّ وَنَطْمَعُ أَنْ يُدْخِلَنَا رَبُّنَا مَعَ الْقَوْمِ الصَّالِحِينَ
Бизге эмне болгон экен, Аллаһка (туура) ыйман келтирбей жана бизге келген акыйкатка ишенбей туруп эле, Раббибиз бизди жакшы коомдор (мусулмандар) менен бирге Бейишке киргизүүсүн үмүт кылып жүрүптүрбүз?!” - дешет
فَأَثَابَهُمُ اللَّهُ بِمَا قَالُوا جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَاءُ الْمُحْسِنِينَ
Аллаһ аларды, (жүрөктөн) айткан сөздөрү (ыймандары) себептүү, астынан дарыялар аккан Бейиштер менен сыйлады. Алар анда түбөлүк калышат. Бул - жакшы амал кылуучу адамдардын сыйлыгы
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар — тозок ээлери

Choose other languages: