Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #89 Translated in Kyrgyz

فَأَثَابَهُمُ اللَّهُ بِمَا قَالُوا جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَاءُ الْمُحْسِنِينَ
Аллаһ аларды, (жүрөктөн) айткан сөздөрү (ыймандары) себептүү, астынан дарыялар аккан Бейиштер менен сыйлады. Алар анда түбөлүк калышат. Бул - жакшы амал кылуучу адамдардын сыйлыгы
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар — тозок ээлери
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُحَرِّمُوا طَيِّبَاتِ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكُمْ وَلَا تَعْتَدُوا ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ
О, ыйман келтиргендер! Аллаһ силерге адал кылган адал-таза нерселерди (өзүңөргө) арам кылып албагыла! Жана чектен чыкпагыла! Чынында, Аллаһ чектен чыккандарды жакшы көрбөйт
وَكُلُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلَالًا طَيِّبًا ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي أَنْتُمْ بِهِ مُؤْمِنُونَ
Аллаһ силерге ырыс кылып берген адал-таза нерселерди (өзүңөргө арам кылып албай) жей бергиле. Өзүңөр ыйман келтирген Аллаһтан корккула
لَا يُؤَاخِذُكُمُ اللَّهُ بِاللَّغْوِ فِي أَيْمَانِكُمْ وَلَٰكِنْ يُؤَاخِذُكُمْ بِمَا عَقَّدْتُمُ الْأَيْمَانَ ۖ فَكَفَّارَتُهُ إِطْعَامُ عَشَرَةِ مَسَاكِينَ مِنْ أَوْسَطِ مَا تُطْعِمُونَ أَهْلِيكُمْ أَوْ كِسْوَتُهُمْ أَوْ تَحْرِيرُ رَقَبَةٍ ۖ فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ ثَلَاثَةِ أَيَّامٍ ۚ ذَٰلِكَ كَفَّارَةُ أَيْمَانِكُمْ إِذَا حَلَفْتُمْ ۚ وَاحْفَظُوا أَيْمَانَكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Аллаһ силерди алаңгазарлык менен (ойлонбой) ичкен антыңар үчүн азаптабайт. А, бирок, жүрөгүңөргө бекем түйгөн антыңар үчүн (эгер аткарбасаңар) азаптайт. Эми анын (ант ичип, аткарбай койгондун) төлөмү үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойдуруу же кийинтүү же болбосо, бир кулду азат кылуу. Ким муну(н каражатын) таппай калса, үч күн орозо кармоо. Ушул - ичкен жана бузуп койгон антыңардын төлөмү. Бирок, антыңарды сактагыла! Шүгүр кылуучу (пенделерден) болушуңар үчүн Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баяндайт

Choose other languages: