Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #60 Translated in Kyrgyz

وَمَنْ يَتَوَلَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا فَإِنَّ حِزْبَ اللَّهِ هُمُ الْغَالِبُونَ
Жана ким Аллаһты, анын пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллаһтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллаһтын жамааты гана жеңиүүчү
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَكُمْ هُزُوًا وَلَعِبًا مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَالْكُفَّارَ أَوْلِيَاءَ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
О,момундар! Силердин диниңерди шылдың кылып алган каапырлар менен силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер момун болсоңор, Аллаһтан корккула
وَإِذَا نَادَيْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ اتَّخَذُوهَا هُزُوًا وَلَعِبًا ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ
Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да келеке кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ هَلْ تَنْقِمُونَ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلُ وَأَنَّ أَكْثَرَكُمْ فَاسِقُونَ
Айткын: “О, китеп элдери! Бизди болгону, Аллаһка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби
قُلْ هَلْ أُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَٰلِكَ مَثُوبَةً عِنْدَ اللَّهِ ۚ مَنْ لَعَنَهُ اللَّهُ وَغَضِبَ عَلَيْهِ وَجَعَلَ مِنْهُمُ الْقِرَدَةَ وَالْخَنَازِيرَ وَعَبَدَ الطَّاغُوتَ ۚ أُولَٰئِكَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضَلُّ عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ
Айткын: “Силерге Аллаһтын алдында мындан да жаманыраак жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллаһ каргыш жаадыргандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана таагутка (Аллаһтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана Туура Жолдон эң көп адашкандар

Choose other languages: