Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #116 Translated in Kyrgyz

إِذْ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ هَلْ يَسْتَطِيعُ رَبُّكَ أَنْ يُنَزِّلَ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ ۖ قَالَ اتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) бир дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Ыйса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллаһтан корккула,!”
قَالُوا نُرِيدُ أَنْ نَأْكُلَ مِنْهَا وَتَطْمَئِنَّ قُلُوبُنَا وَنَعْلَمَ أَنْ قَدْ صَدَقْتَنَا وَنَكُونَ عَلَيْهَا مِنَ الشَّاهِدِينَ
Алар айтышты: “Биз (шек келтиргенибиз жок, болгону) андан жеп, жүрөктөрүбүз канааттансын дедик жана сен бизге туура сүйлөгөнүңдү билип, ага (дасторконго) күбө болууну гана кааладык”
قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا أَنْزِلْ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ تَكُونُ لَنَا عِيدًا لِأَوَّلِنَا وَآخِرِنَا وَآيَةً مِنْكَ ۖ وَارْزُقْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ
Марямдын уулу Ыйса айтты: “О, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүрө көр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир моожиза болуп калаар! Жана бизге ырыскы бергейсиң! Өзүң эң жакшы ырыс берүүчүсүң!”
قَالَ اللَّهُ إِنِّي مُنَزِّلُهَا عَلَيْكُمْ ۖ فَمَنْ يَكْفُرْ بَعْدُ مِنْكُمْ فَإِنِّي أُعَذِّبُهُ عَذَابًا لَا أُعَذِّبُهُ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ
Аллаһ айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимге бербеген азап менен азаптаймын
وَإِذْ قَالَ اللَّهُ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ أَأَنْتَ قُلْتَ لِلنَّاسِ اتَّخِذُونِي وَأُمِّيَ إِلَٰهَيْنِ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۖ قَالَ سُبْحَانَكَ مَا يَكُونُ لِي أَنْ أَقُولَ مَا لَيْسَ لِي بِحَقٍّ ۚ إِنْ كُنْتُ قُلْتُهُ فَقَدْ عَلِمْتَهُ ۚ تَعْلَمُ مَا فِي نَفْسِي وَلَا أَعْلَمُ مَا فِي نَفْسِكَ ۚ إِنَّكَ أَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ
Жана бир кезде Аллаһ айтты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Сен адамдарга: “Аллаһты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Ыйса) айтты: “О, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдө болгонду билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң

Choose other languages: