Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #115 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ أَوْحَيْتُ إِلَى الْحَوَارِيِّينَ أَنْ آمِنُوا بِي وَبِرَسُولِي قَالُوا آمَنَّا وَاشْهَدْ بِأَنَّنَا مُسْلِمُونَ
Биз (сага) шакирт болгондордун жүрөгүнө: “Мага ыйман келтиргиле, пайгамбарыма ишенгиле!” - деп илхам салганыбызда, алар: (О, Рабби!) Биз ыйман келтирдик” Өзүң күбө бол: Биз - мусулмандарбыз!” -дешкен
إِذْ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ هَلْ يَسْتَطِيعُ رَبُّكَ أَنْ يُنَزِّلَ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ ۖ قَالَ اتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) бир дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Ыйса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллаһтан корккула,!”
قَالُوا نُرِيدُ أَنْ نَأْكُلَ مِنْهَا وَتَطْمَئِنَّ قُلُوبُنَا وَنَعْلَمَ أَنْ قَدْ صَدَقْتَنَا وَنَكُونَ عَلَيْهَا مِنَ الشَّاهِدِينَ
Алар айтышты: “Биз (шек келтиргенибиз жок, болгону) андан жеп, жүрөктөрүбүз канааттансын дедик жана сен бизге туура сүйлөгөнүңдү билип, ага (дасторконго) күбө болууну гана кааладык”
قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا أَنْزِلْ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ تَكُونُ لَنَا عِيدًا لِأَوَّلِنَا وَآخِرِنَا وَآيَةً مِنْكَ ۖ وَارْزُقْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ
Марямдын уулу Ыйса айтты: “О, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүрө көр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир моожиза болуп калаар! Жана бизге ырыскы бергейсиң! Өзүң эң жакшы ырыс берүүчүсүң!”
قَالَ اللَّهُ إِنِّي مُنَزِّلُهَا عَلَيْكُمْ ۖ فَمَنْ يَكْفُرْ بَعْدُ مِنْكُمْ فَإِنِّي أُعَذِّبُهُ عَذَابًا لَا أُعَذِّبُهُ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ
Аллаһ айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимге бербеген азап менен азаптаймын

Choose other languages: