Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #74 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ وَحَمَلْنَاهُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلَىٰ كَثِيرٍ مِمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضِيلًا
Чынында, Биз адам перзенттерин (башка макулуктардан) улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) миндирип, таза-пакиза нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук
يَوْمَ نَدْعُو كُلَّ أُنَاسٍ بِإِمَامِهِمْ ۖ فَمَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِيَمِينِهِ فَأُولَٰئِكَ يَقْرَءُونَ كِتَابَهُمْ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًا
Биз бардык инсандарды ээрчиген жолбашчылары? менен (суракка) чакырган (Кыямат) Күндө, кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин (сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт
وَمَنْ كَانَ فِي هَٰذِهِ أَعْمَىٰ فَهُوَ فِي الْآخِرَةِ أَعْمَىٰ وَأَضَلُّ سَبِيلًا
Ал эми, ким ушул дүйнөдө сокур (сыяктуу акыйкатты көрбөгөн) болсо, ал Акыретте да сокур жана (Бейиш) жолунан адашкан болот
وَإِنْ كَادُوا لَيَفْتِنُونَكَ عَنِ الَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ لِتَفْتَرِيَ عَلَيْنَا غَيْرَهُ ۖ وَإِذًا لَاتَّخَذُوكَ خَلِيلًا
(О, Мухаммад, Биз сага вахий кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага вахий кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак
وَلَوْلَا أَنْ ثَبَّتْنَاكَ لَقَدْ كِدْتَ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْئًا قَلِيلًا
Эгерде Биз сени (Туура Жолдо) бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксың

Choose other languages: