Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #75 Translated in Kyrgyz

يَوْمَ نَدْعُو كُلَّ أُنَاسٍ بِإِمَامِهِمْ ۖ فَمَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِيَمِينِهِ فَأُولَٰئِكَ يَقْرَءُونَ كِتَابَهُمْ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًا
Биз бардык инсандарды ээрчиген жолбашчылары? менен (суракка) чакырган (Кыямат) Күндө, кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин (сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт
وَمَنْ كَانَ فِي هَٰذِهِ أَعْمَىٰ فَهُوَ فِي الْآخِرَةِ أَعْمَىٰ وَأَضَلُّ سَبِيلًا
Ал эми, ким ушул дүйнөдө сокур (сыяктуу акыйкатты көрбөгөн) болсо, ал Акыретте да сокур жана (Бейиш) жолунан адашкан болот
وَإِنْ كَادُوا لَيَفْتِنُونَكَ عَنِ الَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ لِتَفْتَرِيَ عَلَيْنَا غَيْرَهُ ۖ وَإِذًا لَاتَّخَذُوكَ خَلِيلًا
(О, Мухаммад, Биз сага вахий кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага вахий кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак
وَلَوْلَا أَنْ ثَبَّتْنَاكَ لَقَدْ كِدْتَ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْئًا قَلِيلًا
Эгерде Биз сени (Туура Жолдо) бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксың
إِذًا لَأَذَقْنَاكَ ضِعْفَ الْحَيَاةِ وَضِعْفَ الْمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيْنَا نَصِيرًا
Анда (эгер алардын каалоолорун ээрчигениңде) Биз сага (ушул) жашоодо да, өлүмдө(н кийинки жашоодо) да удаама-удаа азаптарды таттыраар элек. Кийин Бизге (Биздин азапка) каршы эч бир жардамчы таппай калаар элең

Choose other languages: