Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #69 Translated in Kyrgyz

إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ ۚ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ وَكِيلًا
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделериме бийлигиң өтпөйт! Сактоо жаатынан (аларга) Раббиңдин Өзү жетиштүү!»
رَبُّكُمُ الَّذِي يُزْجِي لَكُمُ الْفُلْكَ فِي الْبَحْرِ لِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ ۚ إِنَّهُ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
(О, инсандар) Раббиңер, Өз пазилетинен (ырыскы) издешиңер үчүн силердин пайдаңарга (албууттанган) деңиздин үстүндө кеме жүргүзүп койду. Чынында, Ал силерге Ырайымдуу
وَإِذَا مَسَّكُمُ الضُّرُّ فِي الْبَحْرِ ضَلَّ مَنْ تَدْعُونَ إِلَّا إِيَّاهُ ۖ فَلَمَّا نَجَّاكُمْ إِلَى الْبَرِّ أَعْرَضْتُمْ ۚ وَكَانَ الْإِنْسَانُ كَفُورًا
Жана эгер силерди деңиз үстүндө бир апаат кармаса, жалбарып, дуба кылган «кудайыңар» жоголуп, Анын (Аллаһтын) Өзү гана калат. (Жана Өзүнө жалбарып: «О, Аллаһ! Өзүң жалгыз кудайыбызсың! Куткара көр!» дейсиңер). Эми, Ал силерди кургакка чейин (жеткирип) куткарып койсо, (дагы эле бут-кудайыңарга) бурулуп кетесиңер. Инсан жакшылыкка шүгүрсүз болду
أَفَأَمِنْتُمْ أَنْ يَخْسِفَ بِكُمْ جَانِبَ الْبَرِّ أَوْ يُرْسِلَ عَلَيْكُمْ حَاصِبًا ثُمَّ لَا تَجِدُوا لَكُمْ وَكِيلًا
Эмне, силерди кургакта жер жутуп жиберишинен же болбосо, (Аллаһ) силерге таш бороонун жиберишинен, кийин өзүңөргө (эч бир) өкүл-коргоочу таппай (мукурап) калышыңардан коопсузсуңарбы
أَمْ أَمِنْتُمْ أَنْ يُعِيدَكُمْ فِيهِ تَارَةً أُخْرَىٰ فَيُرْسِلَ عَلَيْكُمْ قَاصِفًا مِنَ الرِّيحِ فَيُغْرِقَكُمْ بِمَا كَفَرْتُمْ ۙ ثُمَّ لَا تَجِدُوا لَكُمْ عَلَيْنَا بِهِ تَبِيعًا
Дагы силер (Аллаһ) силерди кайрадан деңизге кайтарып, үстүңөрдөн добул жиберип, каапырлыгыңарга жараша чөктүрүп жиберишинен коопсузсуңарбы?! Кийин Бизге каршы бир да өч алып берчү адамды таба албай каласыңар

Choose other languages: