Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #109 Translated in Kyrgyz

وَبِالْحَقِّ أَنْزَلْنَاهُ وَبِالْحَقِّ نَزَلَ ۗ وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا مُبَشِّرًا وَنَذِيرًا
Биз аны (Кураанды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (Бейиштин) куш кабарчысы жана (Тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз
وَقُرْآنًا فَرَقْنَاهُ لِتَقْرَأَهُ عَلَى النَّاسِ عَلَىٰ مُكْثٍ وَنَزَّلْنَاهُ تَنْزِيلًا
Биз Кураанды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк
قُلْ آمِنُوا بِهِ أَوْ لَا تُؤْمِنُوا ۚ إِنَّ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ مِنْ قَبْلِهِ إِذَا يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ يَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ سُجَّدًا
(О, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Кураанга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер дагы (Аллаһ силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Кураан окулганда бети менен саждага жыгылышып
وَيَقُولُونَ سُبْحَانَ رَبِّنَا إِنْ كَانَ وَعْدُ رَبِّنَا لَمَفْعُولًا
«Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин (Акырет жөнүндөгү) убадасы сөзсүз аткарылат!» дешкен
وَيَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ يَبْكُونَ وَيَزِيدُهُمْ خُشُوعًا ۩
Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда (Кураан) алардын (Аллаһ алдындагы) кичипейилдиктерин көбөйтөт

Choose other languages: