Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #110 Translated in Kyrgyz

وَقُرْآنًا فَرَقْنَاهُ لِتَقْرَأَهُ عَلَى النَّاسِ عَلَىٰ مُكْثٍ وَنَزَّلْنَاهُ تَنْزِيلًا
Биз Кураанды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк
قُلْ آمِنُوا بِهِ أَوْ لَا تُؤْمِنُوا ۚ إِنَّ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ مِنْ قَبْلِهِ إِذَا يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ يَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ سُجَّدًا
(О, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Кураанга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер дагы (Аллаһ силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Кураан окулганда бети менен саждага жыгылышып
وَيَقُولُونَ سُبْحَانَ رَبِّنَا إِنْ كَانَ وَعْدُ رَبِّنَا لَمَفْعُولًا
«Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин (Акырет жөнүндөгү) убадасы сөзсүз аткарылат!» дешкен
وَيَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ يَبْكُونَ وَيَزِيدُهُمْ خُشُوعًا ۩
Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда (Кураан) алардын (Аллаһ алдындагы) кичипейилдиктерин көбөйтөт
قُلِ ادْعُوا اللَّهَ أَوِ ادْعُوا الرَّحْمَٰنَ ۖ أَيًّا مَا تَدْعُوا فَلَهُ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَلَا تَجْهَرْ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتْ بِهَا وَابْتَغِ بَيْنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا
Айт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллаһ» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар.! (О, Мухаммад) намазыңды(н кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде

Choose other languages: