Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #103 Translated in Kyrgyz

أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ قَادِرٌ عَلَىٰ أَنْ يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ وَجَعَلَ لَهُمْ أَجَلًا لَا رَيْبَ فِيهِ فَأَبَى الظَّالِمُونَ إِلَّا كُفُورًا
Асмандар менен жерди жарата алган Аллаһ, аларды өзүндөй кылып (кайрадан) жаратууга кудуреттүү экенин алар билишпейби?! Аллаһ алар(дын кайра тирилүүсү) үчүн эч бир шек-күмөн жок болгон белгилүү мөөнөттү (дайын) кылган. Заалымдар болсо, каапырлыктан башка бардык нерседен баш тартты
قُلْ لَوْ أَنْتُمْ تَمْلِكُونَ خَزَائِنَ رَحْمَةِ رَبِّي إِذًا لَأَمْسَكْتُمْ خَشْيَةَ الْإِنْفَاقِ ۚ وَكَانَ الْإِنْسَانُ قَتُورًا
Айткын: «(О, мушриктер!) Эгер силер Раббимдин Ырайым Казыналарына ээ болуп калчу болсоңор, аны садака кылуудан коркуп, жашырып койоор элеңер. Инсан (ушундай) сараң
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَىٰ تِسْعَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ ۖ فَاسْأَلْ بَنِي إِسْرَائِيلَ إِذْ جَاءَهُمْ فَقَالَ لَهُ فِرْعَوْنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا مُوسَىٰ مَسْحُورًا
(О, Мухаммад!) Биз Мусага тогуз моожиза бергенбиз. (Эгер шектенсең) Исрайил урпактарынан сура.! (Муса) аларга барганда, Фираун ага: «О, Муса, мен сени сыйкырланып калсаң керек деп ойлоймун» - деди
قَالَ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا أَنْزَلَ هَٰؤُلَاءِ إِلَّا رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ بَصَائِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا فِرْعَوْنُ مَثْبُورًا
(Анда Муса) айтты: «Сен мына бул моожизаларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллаһ) (пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип эле турасың. Демек, мен сени, эй, Фираун, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын»
فَأَرَادَ أَنْ يَسْتَفِزَّهُمْ مِنَ الْأَرْضِ فَأَغْرَقْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ جَمِيعًا
Кийин (Фираун) аларды (Мисир) жеринен айдап чыгууну каалады эле, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик

Choose other languages: