Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #105 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَىٰ تِسْعَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ ۖ فَاسْأَلْ بَنِي إِسْرَائِيلَ إِذْ جَاءَهُمْ فَقَالَ لَهُ فِرْعَوْنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا مُوسَىٰ مَسْحُورًا
(О, Мухаммад!) Биз Мусага тогуз моожиза бергенбиз. (Эгер шектенсең) Исрайил урпактарынан сура.! (Муса) аларга барганда, Фираун ага: «О, Муса, мен сени сыйкырланып калсаң керек деп ойлоймун» - деди
قَالَ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا أَنْزَلَ هَٰؤُلَاءِ إِلَّا رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ بَصَائِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا فِرْعَوْنُ مَثْبُورًا
(Анда Муса) айтты: «Сен мына бул моожизаларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллаһ) (пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип эле турасың. Демек, мен сени, эй, Фираун, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын»
فَأَرَادَ أَنْ يَسْتَفِزَّهُمْ مِنَ الْأَرْضِ فَأَغْرَقْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ جَمِيعًا
Кийин (Фираун) аларды (Мисир) жеринен айдап чыгууну каалады эле, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик
وَقُلْنَا مِنْ بَعْدِهِ لِبَنِي إِسْرَائِيلَ اسْكُنُوا الْأَرْضَ فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ جِئْنَا بِكُمْ لَفِيفًا
Андан (Фираундан) соң Биз Исрайил урпактарына: (Мисир) жер(ин)де жашап тургула, эми качан гана Акырет убадасы келгенде, баарыңарды (амалыңарга жараша сооп же жаза бериш үчүн Акыретке) алып келебиз» дедик
وَبِالْحَقِّ أَنْزَلْنَاهُ وَبِالْحَقِّ نَزَلَ ۗ وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا مُبَشِّرًا وَنَذِيرًا
Биз аны (Кураанды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (Бейиштин) куш кабарчысы жана (Тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз

Choose other languages: