Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #55 Translated in Kyrgyz

وَنَبِّئْهُمْ عَنْ ضَيْفِ إِبْرَاهِيمَ
(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдын меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир
إِذْ دَخَلُوا عَلَيْهِ فَقَالُوا سَلَامًا قَالَ إِنَّا مِنْكُمْ وَجِلُونَ
Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» — деди
قَالُوا لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَامٍ عَلِيمٍ
«Коркпогун, — дешти алар, — биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз.»
قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِي عَلَىٰ أَنْ مَسَّنِيَ الْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ
(Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Кандай (себеп менен) сүйүнчүлөйсүңөр?”
قَالُوا بَشَّرْنَاكَ بِالْحَقِّ فَلَا تَكُنْ مِنَ الْقَانِطِينَ
«Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти

Choose other languages: