Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #72 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ جَادَلُوكَ فَقُلِ اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ
Эгер сени менен талашчу болушса, айткын: «Эмне жасаганыңарды Аллаһ (Өзүңөрдөн да) мыктыраак Билүүчү
اللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ
Аллаһ Кыямат Күндө, силердин араңарда талашып-тартышкан нерсеңер жөнүндө Өзү өкүм-ажырым кылат»
أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۗ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَابٍ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
(О, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллаһ асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.! Бул Аллаһка жеңил
وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا وَمَا لَيْسَ لَهُمْ بِهِ عِلْمٌ ۗ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ نَصِيرٍ
(Мушриктер) Аллаһтан башка, Аллаһ (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Заалымдарга (Аллаһ тарабынан) жардамчы жок
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ تَعْرِفُ فِي وُجُوهِ الَّذِينَ كَفَرُوا الْمُنْكَرَ ۖ يَكَادُونَ يَسْطُونَ بِالَّذِينَ يَتْلُونَ عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا ۗ قُلْ أَفَأُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَٰلِكُمُ ۗ النَّارُ وَعَدَهَا اللَّهُ الَّذِينَ كَفَرُوا ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Эгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал — Тозок! Аллаһ аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун

Choose other languages: