Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #71 Translated in Kyrgyz

لِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكًا هُمْ نَاسِكُوهُ ۖ فَلَا يُنَازِعُنَّكَ فِي الْأَمْرِ ۚ وَادْعُ إِلَىٰ رَبِّكَ ۖ إِنَّكَ لَعَلَىٰ هُدًى مُسْتَقِيمٍ
Биз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (О, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын!! Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, Туура Жол үстүндөсүң
وَإِنْ جَادَلُوكَ فَقُلِ اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ
Эгер сени менен талашчу болушса, айткын: «Эмне жасаганыңарды Аллаһ (Өзүңөрдөн да) мыктыраак Билүүчү
اللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ
Аллаһ Кыямат Күндө, силердин араңарда талашып-тартышкан нерсеңер жөнүндө Өзү өкүм-ажырым кылат»
أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۗ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَابٍ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
(О, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллаһ асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.! Бул Аллаһка жеңил
وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا وَمَا لَيْسَ لَهُمْ بِهِ عِلْمٌ ۗ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ نَصِيرٍ
(Мушриктер) Аллаһтан башка, Аллаһ (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Заалымдарга (Аллаһ тарабынан) жардамчы жок

Choose other languages: