Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #80 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَا بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ قَالُوا أَتُحَدِّثُونَهُمْ بِمَا فَتَحَ اللَّهُ عَلَيْكُمْ لِيُحَاجُّوكُمْ بِهِ عِنْدَ رَبِّكُمْ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
ыймандуу кишилерге жолуккан кезде “Биз ыйман келтирдик” дешет. Эгер өздөрүнчө калышса “Эмне, аларга (мусулмандарга) Аллаһ силерге (Тоорат китебинде) ачык айткан нерсе жөнүндө Раббиңердин алдында өзүңөргө (каршы) далил келтирүүлөрү үчүн айтып жатасыңарбы? Акылыңарды иштетпейсиңерби?!” - дешет
أَوَلَا يَعْلَمُونَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ
(Китеп ээлери) ичине каткан сырларын да, ашкере нерселерин да Аллаһ билип турушун билишпейби
وَمِنْهُمْ أُمِّيُّونَ لَا يَعْلَمُونَ الْكِتَابَ إِلَّا أَمَانِيَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَظُنُّونَ
Алардын арасында сабатсыздары да бар. Алар китепти (Тооратты) билишпейт. Жалаң күмөндөрдү гана билишет. Алар (пайгамбарчылык жөнүндө) күмөндө гана болушат
فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ يَكْتُبُونَ الْكِتَابَ بِأَيْدِيهِمْ ثُمَّ يَقُولُونَ هَٰذَا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ لِيَشْتَرُوا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۖ فَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا كَتَبَتْ أَيْدِيهِمْ وَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا يَكْسِبُونَ
Өз колдору менен китеп жазып, аны арзыбаган баага сатуу үчүн “Бул Аллаһтан келген (китеп)” дей турган адамдарга катуу азап (тозок) болсун! Аларга өз колдору менен жазгандары (ыйык китепти бурмалагандары) үчүн азап болсун! Аларга (арамдан) тапкан пайдалары үчүн азап болсун
وَقَالُوا لَنْ تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَعْدُودَةً ۚ قُلْ أَتَّخَذْتُمْ عِنْدَ اللَّهِ عَهْدًا فَلَنْ يُخْلِفَ اللَّهُ عَهْدَهُ ۖ أَمْ تَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
(Китеп ээлери) “Бизди тозок кармабайт, кармаса да (анда) саналуу күндөр (гана болобуз)” дешет. (О, Мухаммад) Сен айткын: “Эмне, силер Аллаһтан убада-келишим алдыңар беле?! (Ыйман келтиргениңер чын болсо), Аллаһ эч качан убадасына кыянат кылбайт. Же болбосо, өзүңөр билбеген нерселерди Аллаһка (оодарып) сүйлөп жатасыңарбы

Choose other languages: