Surah Al-Baqara Ayahs #60 Translated in Kyrgyz
ثُمَّ بَعَثْنَاكُمْ مِنْ بَعْدِ مَوْتِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Кийин Биз силерди, эми шүгүр кылаарсыңар деп, өлгөнүңөрдөн соң кайра тирилттик
وَظَلَّلْنَا عَلَيْكُمُ الْغَمَامَ وَأَنْزَلْنَا عَلَيْكُمُ الْمَنَّ وَالسَّلْوَىٰ ۖ كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ ۖ وَمَا ظَلَمُونَا وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
(Силер чөлдө адашып жүргөндө) Биз үстүңөргө булутту көлөкө кылып, (асмандан) «манн» жана «сулва» деген тамактарды түшүрдүк: Жегиле, Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан! Алар Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө зулум кылышты
وَإِذْ قُلْنَا ادْخُلُوا هَٰذِهِ الْقَرْيَةَ فَكُلُوا مِنْهَا حَيْثُ شِئْتُمْ رَغَدًا وَادْخُلُوا الْبَابَ سُجَّدًا وَقُولُوا حِطَّةٌ نَغْفِرْ لَكُمْ خَطَايَاكُمْ ۚ وَسَنَزِيدُ الْمُحْسِنِينَ
Эстегиле, Биз: «Мына бул шаарга киргиле дагы, (аны мекен кылып), көңүлүңөр каалаган жерде кеңири жеп-ичкиле. Жана дарбазадан сажда кылган абалда «хиттатун» (О, Аллаһ, кечир) деп киргиле! Биз силердин катаңарды кечирип, жакшы амал кылуучуларга кошумча (сооптор) беребиз» дедик
فَبَدَّلَ الَّذِينَ ظَلَمُوا قَوْلًا غَيْرَ الَّذِي قِيلَ لَهُمْ فَأَنْزَلْنَا عَلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا رِجْزًا مِنَ السَّمَاءِ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ
Ошондо, заалымдар («хиттатун» деген) сөздү, өздөрүнө айтылгандан башка (“хинтатун” деген) сөзгө алмаштырып коюшту! Андан кийин Биз заалымдарга бузукулук кылгандары үчүн асмандан азап түшүрдүк
وَإِذِ اسْتَسْقَىٰ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ فَقُلْنَا اضْرِبْ بِعَصَاكَ الْحَجَرَ ۖ فَانْفَجَرَتْ مِنْهُ اثْنَتَا عَشْرَةَ عَيْنًا ۖ قَدْ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٍ مَشْرَبَهُمْ ۖ كُلُوا وَاشْرَبُوا مِنْ رِزْقِ اللَّهِ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ
Бир кезде, Муса коому үчүн суу сурап дуба кылды эле, Биз ага «Аса таягың менен ташты ур»-дедик. Кийин андан он эки булак атырылып чыкты. Бардык адамдар өз булактарын билишти. (Ошондо, Биз) «Аллаһ берген ырыскылардан жеп-ичкиле жана жер бетинде бузукулук менен ойронгерчилик кылбагыла!» (дедик)
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
