Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #48 Translated in Kyrgyz

أَتَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبِرِّ وَتَنْسَوْنَ أَنْفُسَكُمْ وَأَنْتُمْ تَتْلُونَ الْكِتَابَ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Адамдарды жакшылыкка буюруп, өзүңөрдү унутасыңарбы? Силер китеп (Тоорат) окуп жүрөсүңөрго! Акылыңарды иштетпейсиңерби
وَاسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ وَالصَّلَاةِ ۚ وَإِنَّهَا لَكَبِيرَةٌ إِلَّا عَلَى الْخَاشِعِينَ
Сабырдан жана намаздан жардам (кубат) алгыла. Албетте, ал (намаз) оор. Бирок, (Аллаһка) кичипейил кишилерге оор эмес
الَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُمْ مُلَاقُو رَبِّهِمْ وَأَنَّهُمْ إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
Алар «Биз Раббибизге жолугабыз жана Өзүнө кайтып барабыз» деп ишенишет
يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اذْكُرُوا نِعْمَتِيَ الَّتِي أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَنِّي فَضَّلْتُكُمْ عَلَى الْعَالَمِينَ
Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген жакшылыгымды жана (бир мезгилдерде) силерди бардык ааламдан абзел кылганымды эстегиле
وَاتَّقُوا يَوْمًا لَا تَجْزِي نَفْسٌ عَنْ نَفْسٍ شَيْئًا وَلَا يُقْبَلُ مِنْهَا شَفَاعَةٌ وَلَا يُؤْخَذُ مِنْهَا عَدْلٌ وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ
Жана эч ким башка бир адамга жардам бере албай турган жана (Аллаһтан уруксат болмоюнча) эч кимден шапаат! кабыл кылынбай турган, эч кимден (күнөөсүнөн кутулуу үчүн) акы-төлөм алынбай турган жана эч кимге жардам берилбей турган күндөн (Кыяматтан) корккула

Choose other languages: