Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #286 Translated in Kyrgyz

لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَإِنْ تُبْدُوا مَا فِي أَنْفُسِكُمْ أَوْ تُخْفُوهُ يُحَاسِبْكُمْ بِهِ اللَّهُ ۖ فَيَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселер Аллаһка таандык. Эгер силер ичиңердеги (ой-кыял, пейил, максаттан турган) нерселерди жашырсаңар же ашкере кылсаңар да Аллаһ силерди ошол нерсе менен эсеп-китеп кылат, жана Өзү каалаган адамын кечирип, каалаганын азапка салат. Аллаһ ар бир нерсеге Кудуреттүү
آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ ۚ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ ۚ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا ۖ غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ
Пайгамбар өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллаһка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) «Биз Аллаһтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. О, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз» дешти
لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا ۚ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَعَلَيْهَا مَا اكْتَسَبَتْ ۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا ۚ رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِنَا ۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ ۖ وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا ۚ أَنْتَ مَوْلَانَا فَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
Аллаһ эч бир жанды кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт (ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен) Оо, биздин Рабби! Эгер унутсак же ката кетирсек бизди жазалаба?! Оо, Раббибиз! Мойнубузга, бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө! Оо, Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө! Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер

Choose other languages: