Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #271 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَنْفِقُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا كَسَبْتُمْ وَمِمَّا أَخْرَجْنَا لَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ ۖ وَلَا تَيَمَّمُوا الْخَبِيثَ مِنْهُ تُنْفِقُونَ وَلَسْتُمْ بِآخِذِيهِ إِلَّا أَنْ تُغْمِضُوا فِيهِ ۚ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٌ
О, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан нерсеңерден жана Биз силер үчүн жерден чыгарып берген (дан, жер азыктары, мөмө-жемиш ж.б.у.с.) нерселерден эң асыл-тазаларын садака кылгыла. Жана алардан төмөн-начар болгондорун садака кылууну ниет кылбагыла.? Аны өзүңөр да албайт элеңер. Алсаңар да андан көзүңөрдү жумуп (жактырбай) аласыңар. Жана билгиле, Аллаһ Беймуктаж жана мактоого татыктуу
الشَّيْطَانُ يَعِدُكُمُ الْفَقْرَ وَيَأْمُرُكُمْ بِالْفَحْشَاءِ ۖ وَاللَّهُ يَعِدُكُمْ مَغْفِرَةً مِنْهُ وَفَضْلًا ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана бузукулуктарга буюрат. Аллаһ болсо, силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллаһ (тын ырайым-пазилети ) Кенен, Билүүчү
يُؤْتِي الْحِكْمَةَ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُؤْتَ الْحِكْمَةَ فَقَدْ أُوتِيَ خَيْرًا كَثِيرًا ۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ
(Аллаһ) каалаган пендесине хикмат (илим-даанышмандык) берет. Кимге хикмат берилген болсо, демек ага көп жакшылыктар берилиптир. (Муну) Акылдуу адамдар гана баамдай алышат
وَمَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ نَفَقَةٍ أَوْ نَذَرْتُمْ مِنْ نَذْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُهُ ۗ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ
Силер кандай садака же назир! кылсаңар — Аллаһ аны билип турат. Заалымдарга (Аллаһ тарабынан) жардамчы жок
إِنْ تُبْدُوا الصَّدَقَاتِ فَنِعِمَّا هِيَ ۖ وَإِنْ تُخْفُوهَا وَتُؤْتُوهَا الْفُقَرَاءَ فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۚ وَيُكَفِّرُ عَنْكُمْ مِنْ سَيِّئَاتِكُمْ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Эгер садакаларды ашкере кылсаңар — бул жакшы.” Эгер жашыруун кылып, кембагалдарга берсеңер — бул да силерге жакшы. (Бул экөө тең) Силердин күнөөңөрдү жууйт. Жана Аллаһ силер кылып жаткан ишиңерден кабардар

Choose other languages: