Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #273 Translated in Kyrgyz

يُؤْتِي الْحِكْمَةَ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُؤْتَ الْحِكْمَةَ فَقَدْ أُوتِيَ خَيْرًا كَثِيرًا ۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ
(Аллаһ) каалаган пендесине хикмат (илим-даанышмандык) берет. Кимге хикмат берилген болсо, демек ага көп жакшылыктар берилиптир. (Муну) Акылдуу адамдар гана баамдай алышат
وَمَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ نَفَقَةٍ أَوْ نَذَرْتُمْ مِنْ نَذْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُهُ ۗ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ
Силер кандай садака же назир! кылсаңар — Аллаһ аны билип турат. Заалымдарга (Аллаһ тарабынан) жардамчы жок
إِنْ تُبْدُوا الصَّدَقَاتِ فَنِعِمَّا هِيَ ۖ وَإِنْ تُخْفُوهَا وَتُؤْتُوهَا الْفُقَرَاءَ فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۚ وَيُكَفِّرُ عَنْكُمْ مِنْ سَيِّئَاتِكُمْ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Эгер садакаларды ашкере кылсаңар — бул жакшы.” Эгер жашыруун кылып, кембагалдарга берсеңер — бул да силерге жакшы. (Бул экөө тең) Силердин күнөөңөрдү жууйт. Жана Аллаһ силер кылып жаткан ишиңерден кабардар
لَيْسَ عَلَيْكَ هُدَاهُمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ ۗ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَلِأَنْفُسِكُمْ ۚ وَمَا تُنْفِقُونَ إِلَّا ابْتِغَاءَ وَجْهِ اللَّهِ ۚ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تُظْلَمُونَ
(О, пайгамбар!) Аларды Туура Жолго салуу сенин колуңда эмес. (Сен болгону аларга чындыкты жеткирүүчүсүң.) Бирок, Аллаһ Өзү каалаган пендесин Туура Жолго баштайт. (О, момундар) кандай жакшылыкты (мүлктү) садака кылсаңар — ал өзүңөрдүн пайдаңарга. (Эгер чыныгы момун болсоңор) Аллаһтын Жүзүн үмүт кылып гана садака кыласыңар. Жана кандай гана жакшылыкты садака кылсаңар, силерге зулум кылынбаган абалда (сообу) өзүңөргө толук кайтарылат
لِلْفُقَرَاءِ الَّذِينَ أُحْصِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ لَا يَسْتَطِيعُونَ ضَرْبًا فِي الْأَرْضِ يَحْسَبُهُمُ الْجَاهِلُ أَغْنِيَاءَ مِنَ التَّعَفُّفِ تَعْرِفُهُمْ بِسِيمَاهُمْ لَا يَسْأَلُونَ النَّاسَ إِلْحَافًا ۗ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ
(Оо, момундар! Силер) Аллаһтын жолунда (жүрүп, тиричиликтен) тосулган, жер бетинде сапар кылууга мүмкүнчүлүгү болбогон, (бирок) билбеген адам аларды (бирөөдөн сураганга) ыйба кылгандан улам бай деп ойлогон кембагалдарга (садака кылгыла). Аларды көрүнүшүнөн тааныйсыңар. Алар адамдардан суранышпайт. Кандай гана жакшы садака кылсаңар да, аны Аллаһ Билүүчү

Choose other languages: