Surah Al-Baqara Ayahs #253 Translated in Kyrgyz
فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوتُ بِالْجُنُودِ قَالَ إِنَّ اللَّهَ مُبْتَلِيكُمْ بِنَهَرٍ فَمَنْ شَرِبَ مِنْهُ فَلَيْسَ مِنِّي وَمَنْ لَمْ يَطْعَمْهُ فَإِنَّهُ مِنِّي إِلَّا مَنِ اغْتَرَفَ غُرْفَةً بِيَدِهِ ۚ فَشَرِبُوا مِنْهُ إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ ۚ فَلَمَّا جَاوَزَهُ هُوَ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ قَالُوا لَا طَاقَةَ لَنَا الْيَوْمَ بِجَالُوتَ وَجُنُودِهِ ۚ قَالَ الَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُمْ مُلَاقُو اللَّهِ كَمْ مِنْ فِئَةٍ قَلِيلَةٍ غَلَبَتْ فِئَةً كَثِيرَةً بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ مَعَ الصَّابِرِينَ
Таалут аскерлер менен чыкканда (мындай) деди: «Аллаһ силерди (суусаган мезгилиңерде) бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе — менден эмес, (мени менен согушка барбайт, себеби ал — сабырсыз) жана ким андан ичпесе — ал менден (мени менен барат) Бирок, ким колу менен бир ууртам гана ичсе, мейли, (алардын өз ыктыяры: калгысы келсе — калат, мени менен кеткиси келсе — кетет)». Анан (бардыгы жолго чыгып, дарыяга жеткенде) аз гана адамдан башка баарысы суу ичип алышты. Бир убакта ал (Таалут) жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар дарыядан өттү эле, (көпчүлүк суу жүрөктөрү): «Бүгүн Жаалут жана анын аскерлери менен согушууга алыбыз жетпейт» дешти. Ал эми, (Кыяматта) Аллаһ менен жолугууга (бекем) ишенгендер: «Нечендеген аз сандуу аскерлер Аллаһтын каалоосу менен көп сандуу аскерлерди жеңип чыккан. Аллаһ сабырдуулар менен!» дешти
وَلَمَّا بَرَزُوا لِجَالُوتَ وَجُنُودِهِ قَالُوا رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
Жана Жаалут менен анын аскерлерине бетме-бет келгенде: «О, Рабби! Үстүбүздөн сабыр - чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекем кыл жана каапыр коомдордун үстүнөн жеңиш бере көр!» деп (дуба кылып согушка киришти)
فَهَزَمُوهُمْ بِإِذْنِ اللَّهِ وَقَتَلَ دَاوُودُ جَالُوتَ وَآتَاهُ اللَّهُ الْمُلْكَ وَالْحِكْمَةَ وَعَلَّمَهُ مِمَّا يَشَاءُ ۗ وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَفَسَدَتِ الْأَرْضُ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ ذُو فَضْلٍ عَلَى الْعَالَمِينَ
Кийин Аллаһтын каалоосу менен аларды жеңип алышты жана Дауд (деген жаш жигит) Жаалутту өлтүрдү. Аллаһ ага (Даудга) падышалык менен даанышмандык (пайгамбарчылык) берип, Өзү каалаган илимдерди үйрөттү. Эгер Аллаһ адамдардын (арасындагы Жаалут жана анын эли сыяктуу жаман, каапыр) бир бөлүгүн башка бир (Таалут жана анын кошууну сыяктуу жакшы) бөлүгү менен жоготуп турбаса, жер (бети) бузулуп кетмек. Бирок, Аллаһ ааламдардын үстүнөн Пазилеттүү
تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۚ وَإِنَّكَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Булар — Аллаһтын далилдери. Аларды сага акыйкат менен айтып берүүдөбүз. Жана сен, албетте, пайгамбарлардын бирисиң
تِلْكَ الرُّسُلُ فَضَّلْنَا بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۘ مِنْهُمْ مَنْ كَلَّمَ اللَّهُ ۖ وَرَفَعَ بَعْضَهُمْ دَرَجَاتٍ ۚ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ ۗ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا اقْتَتَلَ الَّذِينَ مِنْ بَعْدِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَلَٰكِنِ اخْتَلَفُوا فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ وَمِنْهُمْ مَنْ كَفَرَ ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا اقْتَتَلُوا وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ
Биз бул пайгамбарлардан кээ бирлерин башка бирөөлөрүнөн абзел кылдык. Алардын арасында Аллаһ (ага) сүйлөгөндөрү бар жана (Аллаһ) кээ бирөөлөрүн жогору даражаларга көтөрдү. Биз Марямдын уулу Ыйсага анык далилдер берип, аны Ыйык Рух менен кубаттадык. Эгер Аллаһ кааласа, алардан кийинкилер өздөрүнө анык далилдер келген соң өз ара согушпайт болчу. Бирок, каршылашып калышты: алардан ким бирөөсү ыйман келтирди, дагы бирөөлөрү каапыр болду. Эгер Аллаһ кааласа согушпайт эле. А бирок, Аллаһ каалаганын жасайт
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
