Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #256 Translated in Kyrgyz

تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۚ وَإِنَّكَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Булар — Аллаһтын далилдери. Аларды сага акыйкат менен айтып берүүдөбүз. Жана сен, албетте, пайгамбарлардын бирисиң
تِلْكَ الرُّسُلُ فَضَّلْنَا بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۘ مِنْهُمْ مَنْ كَلَّمَ اللَّهُ ۖ وَرَفَعَ بَعْضَهُمْ دَرَجَاتٍ ۚ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ ۗ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا اقْتَتَلَ الَّذِينَ مِنْ بَعْدِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَلَٰكِنِ اخْتَلَفُوا فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ وَمِنْهُمْ مَنْ كَفَرَ ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا اقْتَتَلُوا وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ
Биз бул пайгамбарлардан кээ бирлерин башка бирөөлөрүнөн абзел кылдык. Алардын арасында Аллаһ (ага) сүйлөгөндөрү бар жана (Аллаһ) кээ бирөөлөрүн жогору даражаларга көтөрдү. Биз Марямдын уулу Ыйсага анык далилдер берип, аны Ыйык Рух менен кубаттадык. Эгер Аллаһ кааласа, алардан кийинкилер өздөрүнө анык далилдер келген соң өз ара согушпайт болчу. Бирок, каршылашып калышты: алардан ким бирөөсү ыйман келтирди, дагы бирөөлөрү каапыр болду. Эгер Аллаһ кааласа согушпайт эле. А бирок, Аллаһ каалаганын жасайт
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقْنَاكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا بَيْعٌ فِيهِ وَلَا خُلَّةٌ وَلَا شَفَاعَةٌ ۗ وَالْكَافِرُونَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Оо, ыйман келтиргендер! (Башыңарга) алды-саттысы, жоро-жолдошчулугу жана шапаат- ортомчулугу жок Күн (Кыямат) келип кала электе Биз силерге ырыскы кылып берген нерселерден (бир бөлүгүн Аллаһтын жолуна) сарп кылгыла! Жана каапырлар — ошолор гана заалым кишилер
اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ ۚ لَا تَأْخُذُهُ سِنَةٌ وَلَا نَوْمٌ ۚ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ مَنْ ذَا الَّذِي يَشْفَعُ عِنْدَهُ إِلَّا بِإِذْنِهِ ۚ يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ ۖ وَلَا يُحِيطُونَ بِشَيْءٍ مِنْ عِلْمِهِ إِلَّا بِمَا شَاءَ ۚ وَسِعَ كُرْسِيُّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ ۖ وَلَا يَئُودُهُ حِفْظُهُمَا ۚ وَهُوَ الْعَلِيُّ الْعَظِيمُ
Аллаһ... Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Өзү гана бар. (Ал) — түбөлүк Тирүү, (ар нерсени башкарып) Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча эч ким (эч кимге) шапаат-колдоочулук кыла албайт. Ал алардын (бардык макулуктардын) келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар (калк-калайыктар) болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билишпейт. Анын Курсийси асмандар жана Жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт. Жана Ал — эң Жогорку жана эң Улук
لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ ۖ قَدْ تَبَيَّنَ الرُّشْدُ مِنَ الْغَيِّ ۚ فَمَنْ يَكْفُرْ بِالطَّاغُوتِ وَيُؤْمِنْ بِاللَّهِ فَقَدِ اسْتَمْسَكَ بِالْعُرْوَةِ الْوُثْقَىٰ لَا انْفِصَامَ لَهَا ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Динде мажбурлоо жок.! Туура Жол адашуучулуктан ажырап бүткөн. Ал эми, ким Таагутка? каапыр болуп, Аллаһка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы кармаганы чын! Аллаһ — Угуучу. Билүүчү

Choose other languages: