Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #163 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنْزَلْنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَىٰ مِنْ بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ ۙ أُولَٰئِكَ يَلْعَنُهُمُ اللَّهُ وَيَلْعَنُهُمُ اللَّاعِنُونَ
Биз түшүргөн (Мухаммад жөнүндөгү) далилдерди жана Туура Жолду китепте (Тооратта) адамдарга баян кылып бергенден кийин деле жаап-жашырып жүргөндөргө Аллаһ наалат айтат жана бардык наалат айтуучулар наалат айтышат
إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَبَيَّنُوا فَأُولَٰئِكَ أَتُوبُ عَلَيْهِمْ ۚ وَأَنَا التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Ал эми, (күнөөлөрүнө) тооба кылган, (акыйкатка кайтып, пейилин) түздөгөн жана (жаап-жашырган чындыктарды) ачык айткан адамдардын тообаларын кабыл аламын. Жана Мен тообаларды кабыл алуучу, Мээримдүүмүн
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَمَاتُوا وَهُمْ كُفَّارٌ أُولَٰئِكَ عَلَيْهِمْ لَعْنَةُ اللَّهِ وَالْمَلَائِكَةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ
Каапыр болгон жана ошол каапырчылыгы бойдон (тооба кылбай) өлгөн адамдарга Аллаһтын, периштелердин жана бардык адамдардын наалаты болсун
خَالِدِينَ فِيهَا ۖ لَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ الْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ
Алар ошол наалаттын (Тозок азабынын) ичинде түбөлүк калышат. Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга (тооба кылууга) мөөнөт берилбейт
وَإِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الرَّحْمَٰنُ الرَّحِيمُ
Силердин кудайыңар - жалгыз Кудай. Эч бир (сыйынууга татыктуу) кудай жок, жалгыз Ал — Ырайымдуу жана Мээримдүү (болгон Аллаһ) гана бар

Choose other languages: