Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #71 Translated in Kyrgyz

لِكُلِّ نَبَإٍ مُسْتَقَرٌّ ۚ وَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Ар бир кабардын өз убактысы бар. Жана тез арада анын чындык экенин билип аласыңар
وَإِذَا رَأَيْتَ الَّذِينَ يَخُوضُونَ فِي آيَاتِنَا فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا فِي حَدِيثٍ غَيْرِهِ ۚ وَإِمَّا يُنْسِيَنَّكَ الشَّيْطَانُ فَلَا تَقْعُدْ بَعْدَ الذِّكْرَىٰ مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин заалым коомдор менен отурба
وَمَا عَلَى الَّذِينَ يَتَّقُونَ مِنْ حِسَابِهِمْ مِنْ شَيْءٍ وَلَٰكِنْ ذِكْرَىٰ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Такыба (Аллаһтан корккон) кишилердин мойнунда алардын (мушриктердин) эсебинен эч нерсе жок. Бирок, акыл-насаат айтуу гана бар. Мүмкүн алар дагы такыба болуп калышаар
وَذَرِ الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَهُمْ لَعِبًا وَلَهْوًا وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا ۚ وَذَكِّرْ بِهِ أَنْ تُبْسَلَ نَفْسٌ بِمَا كَسَبَتْ لَيْسَ لَهَا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيٌّ وَلَا شَفِيعٌ وَإِنْ تَعْدِلْ كُلَّ عَدْلٍ لَا يُؤْخَذْ مِنْهَا ۗ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ أُبْسِلُوا بِمَا كَسَبُوا ۖ لَهُمْ شَرَابٌ مِنْ حَمِيمٍ وَعَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ
Диндерин оюн-тамашага айлантып, дүйнө жашоосуна алданып калган адамдардан оолак бол! Жана аларга Кураан менен (төмөнкүлөрдү) эскерт: Ар бир жан өзүнүн гана кылган иши менен өлүмгө кабылат. (Ошондо) ага Аллаһтан башка эч бир дос, эч бир колдоочу болбойт жана (эгер күнөөсүнүн кечирилиши үчүн) ар кандай (баалуу) нерсени берсе да, анысы кабыл кылынбайт. Алар өз кылмыштары менен өлүмгө (тозокко) жолуктурулат. Аларга (тозокто) кайнак суу менен жан ооруткан азап бар, каапыр болгондору үчүн
قُلْ أَنَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنْفَعُنَا وَلَا يَضُرُّنَا وَنُرَدُّ عَلَىٰ أَعْقَابِنَا بَعْدَ إِذْ هَدَانَا اللَّهُ كَالَّذِي اسْتَهْوَتْهُ الشَّيَاطِينُ فِي الْأَرْضِ حَيْرَانَ لَهُ أَصْحَابٌ يَدْعُونَهُ إِلَى الْهُدَى ائْتِنَا ۗ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَىٰ ۖ وَأُمِرْنَا لِنُسْلِمَ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ
Айткын: (“О, мушриктер), биз (силерге окшоп) Аллаһтан башка, не пайда, не зыян жеткире албай турган нерселерге дуба кылат бекенбиз?! Жана да, жер бетиндеги, (бир жагынан) шайтандар азгырып, (экинчи жагынан) өзүнүн достору “кел” деп, Туура Жолго чакырып турганда (орто жолдо) эмне кылаарын билбей калган адам сыяктуу, Аллаһ Туура Жолго баштап койгон соң, дагы артыбызга кайтат бекенбиз?!” Айткын: “Туура Жол - бул Аллаһтын жолу. Жана биз ааламдардын Раббисине моюн сунууга буюрулдук”

Choose other languages: