Surah Al-Anaam Ayahs #70 Translated in Kyrgyz
وَكَذَّبَ بِهِ قَوْمُكَ وَهُوَ الْحَقُّ ۚ قُلْ لَسْتُ عَلَيْكُمْ بِوَكِيلٍ
Сенин (Маккадагы) коомуң аны (Кураанды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Айткын: “Мен силерге кароолчу эмесмин
لِكُلِّ نَبَإٍ مُسْتَقَرٌّ ۚ وَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Ар бир кабардын өз убактысы бар. Жана тез арада анын чындык экенин билип аласыңар
وَإِذَا رَأَيْتَ الَّذِينَ يَخُوضُونَ فِي آيَاتِنَا فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا فِي حَدِيثٍ غَيْرِهِ ۚ وَإِمَّا يُنْسِيَنَّكَ الشَّيْطَانُ فَلَا تَقْعُدْ بَعْدَ الذِّكْرَىٰ مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин заалым коомдор менен отурба
وَمَا عَلَى الَّذِينَ يَتَّقُونَ مِنْ حِسَابِهِمْ مِنْ شَيْءٍ وَلَٰكِنْ ذِكْرَىٰ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Такыба (Аллаһтан корккон) кишилердин мойнунда алардын (мушриктердин) эсебинен эч нерсе жок. Бирок, акыл-насаат айтуу гана бар. Мүмкүн алар дагы такыба болуп калышаар
وَذَرِ الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَهُمْ لَعِبًا وَلَهْوًا وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا ۚ وَذَكِّرْ بِهِ أَنْ تُبْسَلَ نَفْسٌ بِمَا كَسَبَتْ لَيْسَ لَهَا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيٌّ وَلَا شَفِيعٌ وَإِنْ تَعْدِلْ كُلَّ عَدْلٍ لَا يُؤْخَذْ مِنْهَا ۗ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ أُبْسِلُوا بِمَا كَسَبُوا ۖ لَهُمْ شَرَابٌ مِنْ حَمِيمٍ وَعَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ
Диндерин оюн-тамашага айлантып, дүйнө жашоосуна алданып калган адамдардан оолак бол! Жана аларга Кураан менен (төмөнкүлөрдү) эскерт: Ар бир жан өзүнүн гана кылган иши менен өлүмгө кабылат. (Ошондо) ага Аллаһтан башка эч бир дос, эч бир колдоочу болбойт жана (эгер күнөөсүнүн кечирилиши үчүн) ар кандай (баалуу) нерсени берсе да, анысы кабыл кылынбайт. Алар өз кылмыштары менен өлүмгө (тозокко) жолуктурулат. Аларга (тозокто) кайнак суу менен жан ооруткан азап бар, каапыр болгондору үчүн
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
