Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #64 Translated in Kyrgyz

وَهُوَ الَّذِي يَتَوَفَّاكُمْ بِاللَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُمْ بِالنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَىٰ أَجَلٌ مُسَمًّى ۖ ثُمَّ إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Ал түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин ал силерди күндүзү кайра тирилтет, белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болушу үчүн. Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн каабарын берет
وَهُوَ الْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِ ۖ وَيُرْسِلُ عَلَيْكُمْ حَفَظَةً حَتَّىٰ إِذَا جَاءَ أَحَدَكُمُ الْمَوْتُ تَوَفَّتْهُ رُسُلُنَا وَهُمْ لَا يُفَرِّطُونَ
Ал пенделеринин үстүнөн Өкүмдар.! Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”? периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат
ثُمَّ رُدُّوا إِلَى اللَّهِ مَوْلَاهُمُ الْحَقِّ ۚ أَلَا لَهُ الْحُكْمُ وَهُوَ أَسْرَعُ الْحَاسِبِينَ
Кийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары — Аллаһка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал эң эле тез эсептешүүчү
قُلْ مَنْ يُنَجِّيكُمْ مِنْ ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ تَدْعُونَهُ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً لَئِنْ أَنْجَانَا مِنْ هَٰذِهِ لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ
(Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” деп айткын
قُلِ اللَّهُ يُنَجِّيكُمْ مِنْهَا وَمِنْ كُلِّ كَرْبٍ ثُمَّ أَنْتُمْ تُشْرِكُونَ
Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллаһ гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”

Choose other languages: