Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #67 Translated in Kyrgyz

قُلْ مَنْ يُنَجِّيكُمْ مِنْ ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ تَدْعُونَهُ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً لَئِنْ أَنْجَانَا مِنْ هَٰذِهِ لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ
(Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” деп айткын
قُلِ اللَّهُ يُنَجِّيكُمْ مِنْهَا وَمِنْ كُلِّ كَرْبٍ ثُمَّ أَنْتُمْ تُشْرِكُونَ
Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллаһ гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”
قُلْ هُوَ الْقَادِرُ عَلَىٰ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عَذَابًا مِنْ فَوْقِكُمْ أَوْ مِنْ تَحْتِ أَرْجُلِكُمْ أَوْ يَلْبِسَكُمْ شِيَعًا وَيُذِيقَ بَعْضَكُمْ بَأْسَ بَعْضٍ ۗ انْظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ لَعَلَّهُمْ يَفْقَهُونَ
Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”! (О, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой
وَكَذَّبَ بِهِ قَوْمُكَ وَهُوَ الْحَقُّ ۚ قُلْ لَسْتُ عَلَيْكُمْ بِوَكِيلٍ
Сенин (Маккадагы) коомуң аны (Кураанды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Айткын: “Мен силерге кароолчу эмесмин
لِكُلِّ نَبَإٍ مُسْتَقَرٌّ ۚ وَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Ар бир кабардын өз убактысы бар. Жана тез арада анын чындык экенин билип аласыңар

Choose other languages: