Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #53 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا يَمَسُّهُمُ الْعَذَابُ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат
قُلْ لَا أَقُولُ لَكُمْ عِنْدِي خَزَائِنُ اللَّهِ وَلَا أَعْلَمُ الْغَيْبَ وَلَا أَقُولُ لَكُمْ إِنِّي مَلَكٌ ۖ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ ۚ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الْأَعْمَىٰ وَالْبَصِيرُ ۚ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ
Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллаһтын казналары бар” дебеймин.! Дагы мен кайыпты да билбеймин. Жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”
وَأَنْذِرْ بِهِ الَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْ يُحْشَرُوا إِلَىٰ رَبِّهِمْ ۙ لَيْسَ لَهُمْ مِنْ دُونِهِ وَلِيٌّ وَلَا شَفِيعٌ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Сен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды ал (Кураан) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, күнөөсүн өчүрүүчү да жок. Кана эми, такыбаалуу болушса
وَلَا تَطْرُدِ الَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ بِالْغَدَاةِ وَالْعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُ ۖ مَا عَلَيْكَ مِنْ حِسَابِهِمْ مِنْ شَيْءٍ وَمَا مِنْ حِسَابِكَ عَلَيْهِمْ مِنْ شَيْءٍ فَتَطْرُدَهُمْ فَتَكُونَ مِنَ الظَّالِمِينَ
Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн каалап дуба кылган (такыба) кишилерди (алдыңдан) айдабагын! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңен аларга эч нерсе жок. Аларды айдап, заалым адамдардан болбогун
وَكَذَٰلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لِيَقُولُوا أَهَٰؤُلَاءِ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنْ بَيْنِنَا ۗ أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِالشَّاكِرِينَ
“Биздин арабыздан Аллаһ нээмат бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберлене) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллаһ көбүрөөк Билүүчү эмеспи

Choose other languages: