Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #24 Translated in Kyrgyz

الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَعْرِفُونَهُ كَمَا يَعْرِفُونَ أَبْنَاءَهُمُ ۘ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Биз китеп берген адамдар (өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилгени себептүү) аны (Мухаммадды) өздөрүнүн перзенттерин тааныгандай таанышат. Алар өздөрүнө зыян кылышты. Эми алар ыйманга келишпейт
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ ۗ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ
Эч ким (“Аллаһтын баласы же шериги бар” деп) Аллаһка жалаа жапкан жана Анын аяттарын жалганга чыгарган адамдан заалымыраак эмес! Албетте, (андай) заалымдар (тозоктон) кутулбайт
وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوا أَيْنَ شُرَكَاؤُكُمُ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Жана Биз ошол (Кыямат) Күндө алардын баардыгын чогултуп, мушриктерге: “(Аллаһтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” -дейбиз
ثُمَّ لَمْ تَكُنْ فِتْنَتُهُمْ إِلَّا أَنْ قَالُوا وَاللَّهِ رَبِّنَا مَا كُنَّا مُشْرِكِينَ
Кийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллаһка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот
انْظُرْ كَيْفَ كَذَبُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ ۚ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Карачы, өздөрүнө да кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын

Choose other languages: