Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #26 Translated in Kyrgyz

وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوا أَيْنَ شُرَكَاؤُكُمُ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Жана Биз ошол (Кыямат) Күндө алардын баардыгын чогултуп, мушриктерге: “(Аллаһтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” -дейбиз
ثُمَّ لَمْ تَكُنْ فِتْنَتُهُمْ إِلَّا أَنْ قَالُوا وَاللَّهِ رَبِّنَا مَا كُنَّا مُشْرِكِينَ
Кийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллаһка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот
انْظُرْ كَيْفَ كَذَبُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ ۚ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Карачы, өздөрүнө да кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын
وَمِنْهُمْ مَنْ يَسْتَمِعُ إِلَيْكَ ۖ وَجَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَنْ يَفْقَهُوهُ وَفِي آذَانِهِمْ وَقْرًا ۚ وَإِنْ يَرَوْا كُلَّ آيَةٍ لَا يُؤْمِنُوا بِهَا ۚ حَتَّىٰ إِذَا جَاءُوكَ يُجَادِلُونَكَ يَقُولُ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ هَٰذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
Алардан (мушриктерден) кээ бирөөлөрү (Кураан окуганыңда) сени (карөзгөйлүк менен) угушат. Бирок, Биз алардын жүрөктөрүнө - Кураанды түшүнбөсүн үчүн - парда каптап, кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгер алар бардык моожизаларды көрсө да ишенишпейт. Жадагалса, сенин алдыңа талашып-тартышып келишкен кезде, каапырлар: “Бул (Кураан) абалкылардын жомокторунан башка нерсе эмес” - дешет
وَهُمْ يَنْهَوْنَ عَنْهُ وَيَنْأَوْنَ عَنْهُ ۖ وَإِنْ يُهْلِكُونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ
Жана алар андан (башкаларды да) кайтарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул иштери менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат

Choose other languages: