Quran Apps in many lanuages:

Surah Aal-E-Imran Ayahs #165 Translated in Kyrgyz

وَمَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَنْ يَغُلَّ ۚ وَمَنْ يَغْلُلْ يَأْتِ بِمَا غَلَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Эч бир пайгамбарга “гулул” кылуу? мүмкүн эмес! Жана кимде-ким “гулул” кылса, Кыяматта “гулул” кылган ишин (желкесине) көтөрүп келет. Кийин ар бир жан адилет менен өз иштеринин толук тиешесин алат
أَفَمَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَ اللَّهِ كَمَنْ بَاءَ بِسَخَطٍ مِنَ اللَّهِ وَمَأْوَاهُ جَهَنَّمُ ۚ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Аллаһтын ыраазычылыгын максат кылган адам менен Аллаһтын каарына жолугуп, барар жери Тозок болгон адам теңби?! Бул кандай жаман акыбет
هُمْ دَرَجَاتٌ عِنْدَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ
(Жок тең эмес) Алар Аллаһтын алдында ар кандай даражаларда болушат. Аллаһ алардын эмне жасаганын Көрүүчү
لَقَدْ مَنَّ اللَّهُ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ إِذْ بَعَثَ فِيهِمْ رَسُولًا مِنْ أَنْفُسِهِمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِهِ وَيُزَكِّيهِمْ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَإِنْ كَانُوا مِنْ قَبْلُ لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Өздөрүнүн арасынан, аларга Аллаһтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана мындан мурун анык адашууда болушса да, Китеп (Кураан) менен Хикматты (Сүннөттү) үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллаһ момундарга (теңдешсиз) жакшылык кылган
أَوَلَمَّا أَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةٌ قَدْ أَصَبْتُمْ مِثْلَيْهَا قُلْتُمْ أَنَّىٰ هَٰذَا ۖ قُلْ هُوَ مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде — аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да — “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул — өзүңөрдөн”. Албетте, Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

Choose other languages: