Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #59 Translated in Kyrgyz

أَلَا إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ أَلَا إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
О, көңүл бургула! Чынында, асмандар жана жердеги нерсенин бардыгы Аллаһка таандык! О, көңүл бургула! Чынында, Аллаһтын убадасы — Акыйкат! Бирок муну алардын көпчүлүгү билишпейт
هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ал өлтүрөт жана тирилтет. (Мында Ага эч ким шерик боло албайт) Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар
يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَتْكُمْ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَشِفَاءٌ لِمَا فِي الصُّدُورِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ
О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү бузулууларга шыпаа, Туура Жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Кураан китеби) келди
قُلْ بِفَضْلِ اللَّهِ وَبِرَحْمَتِهِ فَبِذَٰلِكَ فَلْيَفْرَحُوا هُوَ خَيْرٌ مِمَّا يَجْمَعُونَ
Айт: “Аллаһтын пазилети (Кураан) жана ырайымы (дин-ыйман) — ушулар менен сүйүнүшсүн! Бул алар чогулткан (мал-дүйнө сыяктуу) нерселерден жакшы
قُلْ أَرَأَيْتُمْ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ لَكُمْ مِنْ رِزْقٍ فَجَعَلْتُمْ مِنْهُ حَرَامًا وَحَلَالًا قُلْ آللَّهُ أَذِنَ لَكُمْ ۖ أَمْ عَلَى اللَّهِ تَفْتَرُونَ
Айт: “(О, мушриктер!) айткылачы, Аллаһ силерге түшүрүп берген ырыскыларды(н бирин) арам, (бирин) адал кылдыңар”. Айткын: “Кабар бергилечи, силерге (бул жоругуңарга) Аллаһ уруксат бердиби, же Аллаһка жалаа жаап жатасыңарбы

Choose other languages: