Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #60 Translated in Kyrgyz

هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ал өлтүрөт жана тирилтет. (Мында Ага эч ким шерик боло албайт) Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар
يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَتْكُمْ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَشِفَاءٌ لِمَا فِي الصُّدُورِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ
О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү бузулууларга шыпаа, Туура Жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Кураан китеби) келди
قُلْ بِفَضْلِ اللَّهِ وَبِرَحْمَتِهِ فَبِذَٰلِكَ فَلْيَفْرَحُوا هُوَ خَيْرٌ مِمَّا يَجْمَعُونَ
Айт: “Аллаһтын пазилети (Кураан) жана ырайымы (дин-ыйман) — ушулар менен сүйүнүшсүн! Бул алар чогулткан (мал-дүйнө сыяктуу) нерселерден жакшы
قُلْ أَرَأَيْتُمْ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ لَكُمْ مِنْ رِزْقٍ فَجَعَلْتُمْ مِنْهُ حَرَامًا وَحَلَالًا قُلْ آللَّهُ أَذِنَ لَكُمْ ۖ أَمْ عَلَى اللَّهِ تَفْتَرُونَ
Айт: “(О, мушриктер!) айткылачы, Аллаһ силерге түшүрүп берген ырыскыларды(н бирин) арам, (бирин) адал кылдыңар”. Айткын: “Кабар бергилечи, силерге (бул жоругуңарга) Аллаһ уруксат бердиби, же Аллаһка жалаа жаап жатасыңарбы
وَمَا ظَنُّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَشْكُرُونَ
Аллаһка жалгандан жалаа жаап жаткан адамдардын Кыямат Күн жөнүндө ойу кандай болду экен? Чынында, Аллаһ адамдарга пазилеттүү. Бирок, адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт

Choose other languages: