Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #57 Translated in Kyrgyz

وَيَسْتَنْبِئُونَكَ أَحَقٌّ هُوَ ۖ قُلْ إِي وَرَبِّي إِنَّهُ لَحَقٌّ ۖ وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ
Жана алар сенден: “Ушул чындыкпы?” деп сурашат. Айткын: “Ооба, Раббиме ант: бул — чындык! Силер Аллаһты алсыз кыла албайсыңар
وَلَوْ أَنَّ لِكُلِّ نَفْسٍ ظَلَمَتْ مَا فِي الْأَرْضِ لَافْتَدَتْ بِهِ ۗ وَأَسَرُّوا النَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ ۖ وَقُضِيَ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ ۚ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Жана (Кыяматта) ар бир зулумдук кылган жан үчүн бүт жер жүзүнүн байлыгы (күнөөсүнө) төлөм катары берилсе да, азапты(н бар экенин өз көзү менен) көргөндө бушайман чексе да, аларга эч зулумдук кылынбаган абалда, адилеттик менен өкүм кылынат
أَلَا إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ أَلَا إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
О, көңүл бургула! Чынында, асмандар жана жердеги нерсенин бардыгы Аллаһка таандык! О, көңүл бургула! Чынында, Аллаһтын убадасы — Акыйкат! Бирок муну алардын көпчүлүгү билишпейт
هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ал өлтүрөт жана тирилтет. (Мында Ага эч ким шерик боло албайт) Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар
يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَتْكُمْ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَشِفَاءٌ لِمَا فِي الصُّدُورِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ
О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү бузулууларга шыпаа, Туура Жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Кураан китеби) келди

Choose other languages: