Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #51 Translated in Kyrgyz

وَلِكُلِّ أُمَّةٍ رَسُولٌ ۖ فَإِذَا جَاءَ رَسُولُهُمْ قُضِيَ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
(Тарыхтагы) ар бир эл-үммөт үчүн пайгамбар (жиберилген). Качан аларга пайгамбарлары келгенде (кээ бирөөлөрү ыйман келтирип, көпчүлүгү жалганчыга чыгарышкан. Ал эми, Кыяматта) аларга эч бир зулумдук кылынбай, адилеттик менен өкүм кылынат
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Мушриктер): “Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы, о мусулмандар, Аллаһ бизди жазалайм деген) ошол убада качан?”- дешет
قُلْ لَا أَمْلِكُ لِنَفْسِي ضَرًّا وَلَا نَفْعًا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۗ لِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌ ۚ إِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ فَلَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً ۖ وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ
Айткын: “Мен өзүмө Аллаһ каалагандан башка не пайда, не зыян жеткире албаймын (мен болгону силер үчүн эстетүүчүмүн). Ар бир үммөттүн белгиленген мөөнөтү бар. Качан ошол мөөнөтү келгенде, алар бир саатка да кечиктирилбейт жана тездетилбейт
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُهُ بَيَاتًا أَوْ نَهَارًا مَاذَا يَسْتَعْجِلُ مِنْهُ الْمُجْرِمُونَ
Айткын: “Эмне деп ойлойсуңар, Аллаһтын азабы силерге түндөсүбү же күндүзүбү келсе (силер үчүн анын айырмасы канчалык?!) Кылмышкерлер азапты эмне мынча шашылтырышат
أَثُمَّ إِذَا مَا وَقَعَ آمَنْتُمْ بِهِ ۚ آلْآنَ وَقَدْ كُنْتُمْ بِهِ تَسْتَعْجِلُونَ
Кийин (капыстан) ал азап келгенде, (дароо) ыйман келтирдиңер. Эмиби?! (Эми ыйманыңар кабыл болбойт. Кеч болуп калды!) Силер аны шаштырбадыңар беле

Choose other languages: