Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #52 Translated in Kyrgyz

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Мушриктер): “Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы, о мусулмандар, Аллаһ бизди жазалайм деген) ошол убада качан?”- дешет
قُلْ لَا أَمْلِكُ لِنَفْسِي ضَرًّا وَلَا نَفْعًا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۗ لِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌ ۚ إِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ فَلَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً ۖ وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ
Айткын: “Мен өзүмө Аллаһ каалагандан башка не пайда, не зыян жеткире албаймын (мен болгону силер үчүн эстетүүчүмүн). Ар бир үммөттүн белгиленген мөөнөтү бар. Качан ошол мөөнөтү келгенде, алар бир саатка да кечиктирилбейт жана тездетилбейт
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُهُ بَيَاتًا أَوْ نَهَارًا مَاذَا يَسْتَعْجِلُ مِنْهُ الْمُجْرِمُونَ
Айткын: “Эмне деп ойлойсуңар, Аллаһтын азабы силерге түндөсүбү же күндүзүбү келсе (силер үчүн анын айырмасы канчалык?!) Кылмышкерлер азапты эмне мынча шашылтырышат
أَثُمَّ إِذَا مَا وَقَعَ آمَنْتُمْ بِهِ ۚ آلْآنَ وَقَدْ كُنْتُمْ بِهِ تَسْتَعْجِلُونَ
Кийин (капыстан) ал азап келгенде, (дароо) ыйман келтирдиңер. Эмиби?! (Эми ыйманыңар кабыл болбойт. Кеч болуп калды!) Силер аны шаштырбадыңар беле
ثُمَّ قِيلَ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا ذُوقُوا عَذَابَ الْخُلْدِ هَلْ تُجْزَوْنَ إِلَّا بِمَا كُنْتُمْ تَكْسِبُونَ
Кийин (Акыретте) заалым адамдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Силер кылмышыңарга жараша гана жазаланасыңар” - деп айтылат

Choose other languages: